Кыргызстанда
такси айдоочусу болуп
иштөө
Яндекс.Таксинин өнөктөштөрү аркылуу
Ыңгайлуу жана пайдалуу
Өтүнмөдөн алгачкы кардарга чейин — бир нече саат
Накталай акча менен төлөнүүчү буйрутмалардын акысын жумушка чыккан биринчи күнүңүздө эле аласыз
Күнүнө бир нече саат же толук нөөмөт иштеңиз
Кантип иштеп башташ керек
Көп берилген суроолор
Айдоочунун финалдык кирешеси аймак менен иш графикке көз каранды. Яндекс.Такси менен аптасына бир нече саат гана иштеп, кошумча акча тапса болот, ошондой эле күндө буйрутма аткарып иштесе да болот. Айдоочулар үчүн сервисте бонустар да каралган. Киреше боюнча баары ачык-айкын. Яндекс.Про «Киреше» бөлүмүнөн бардык сапарлардын тизмесин жана алардын ар бири боюнча кеңири маалыматты текшерип алса болот: маршрут, баасы, бонустар. Жүргүнчүлөр сизге карта менен да, накталай акча менен да төлөшөт. Анан кээде чайпул да калтырышат :)
Бул Яндекс.Таксинин атайын өнөктөштүк программасы. Бонустарды биз таксопарктарга беребиз, ал эми алар сизге мыкты жумушуңуз үчүн беришет. Ошентип айдоочулардын кирешеси көбөйөт.
Сиз кайсы тарифте буйрутма аткаргыңыз келет – баары ушуга көз каранды. Биз машинанын моделин, чыгарылган жылын жана анын орточо базарлык баасын эске алабыз. Жумушка эшиктери төрттөн кем болбогон автоунаалар гана жарактуу болот.
Яндекс.Такси сервиси менен айдоочу болуп иштеп баштоо абдан оңой. Сизге операциялык системасы Android 5.0 болгон жана камерага, GPS модулга, 2 ГБ оперативдүү эс тутумга ээ болгон смартфон керектелет. Яндекс.Про колдонмосун жүктөп алып, смартфонуңузга орнотуңуз. Ал сизге буйрутмаларды сунуштап, маршрут түзүп берип, сапар акысын эсептеп, сервистин бардык жаңылыктары менен кабардар кылып турат. Сиз жүргүнчү издеп же батыраак кантип жетсе болот деп ойлонуп кыйналбайсыз — көңүлүңүздүн баарын буйрутма аткарууга гана койсоңуз болот.
Яндекс.Про
Яндекс.Про
Өтүнмө жөнөтүп коюңуз
Google Play менен Google Play'дин логотиби Google LLC корпорациясынын товардык белгиси болуп саналат.
Сиздин тилди тандоо: RU , KY