Акциянын эрежелери: Промокоддорду колдонуу шарттары

Атоолор Промокод – аны жандандыруу жана Промокодду колдонуунун башка шарттарын сактоо менен Колдонуучуга Баа түшүрүүгө укукту берилүүчү символдордун белгилүү катары. Баа түшүрүү - Колдонуучунун жүргүнчүлөрдү жана жүктү жеңил такси менен (мындан кийин – буйрутма) дараметтүү сурамы тууралуу Яндекс.Такси мобилдик колдонмо аркылуу маалыматты жайгаштырууда «Яндекс.Такси» ЖЧК (мындан кийин– Яндекс) тарабынан көрсөтүлгөн өлчөмдө такси кызматы үчүн бааны түшүрүүсү. Купон – бул Промокодду жана Баа түшүрүүнү берүү шарттарын камтыган документ (анын ичинде кагаз карточкасы же башка таратуу материалы; көрнөк же башка коомдо көрүүгө арналган жеткирүүчү; кандай болсо башка промо-материал). Сайт – бул Промокодду жана Баа түшүрүүнү берүү шарттарын камтыган Интернеттеги барак. Промокод Колдонуучуга Купондо же Сайтта көрсөтүү менен жеткирилет. Промокод Промокодду колдонуу шарттарын аткаруу менен Купондо же болбосо Сайтта көрсөтүлгөн өлчөмдө, ошондой эле Купондо же болбосо Сайтта же ушул Эрежелерде көрсөтүлгөн шарттарды сактаганда Баа түшүрүүнү алууга укук берет. Андай шарттарга, анын ичинде төмөнкүлөрдөн бири же бир нечеси каралышы мүмкүн: биринчи сапарда гана Баа түшүрүүнү берүү, башкача айтканда, ушул Эрежелердин 8-п. жоболорун эске алуу менен, Колдонуучунун тийиштүү телефон номерин жана/же Колдонуучунун Байланган картасын жана/же Колдонуучунун мобилдик түзмөгүн пайдаланып, Яндекс.Такси кызматын пайдалануу менен биринчи буйрутма берүүдө; Баа түшүрүүсү биринчи бир нече сапарларга берилет (мисалы, «биринчи үч сапар»). Бул учурда Баа түшүрүү ушул Эрежелердин 3.1-п. аныкталгандай биринчи сапарда берилет, ошону менен бирге, Промокодду пайдалануу менен биринчи сапарды жасаган шартта кийинки сапарлардын тиешелүү санын аткарганда берилет; Баа түшүрүүнү накталай эмес төлөмдө берүү, башкача айтканда, Яндекс.Такси мобилдик колдонмосунда Байланган банк картасын (анын ичинде карталары акцияда катышкан эмитет боюнча чектөө) пайдалануу менен накталай эмес тартипте жеңил таксиде ташуунун кызмат көрсөтүүсүн төлөөдө; Яндекс.Такси мобилдик колдонмосун колдонуп, таксиге буйрутманы жасаганда белгилүү параметрлерди тандалган шартт гана Баа түшүрүүнү берүү; Яндекс.Такси мобилдик колдонмосун колдонуп аймактын ичинде (буга кошо шаарлар, каттамдын баштоо жана/же түшүрүү чекиттери) жана/же белгилүү убак аралыктын ичинде сапарды жасоодо гана Баа түшүрүү берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин Промокод жарабай калат. Эгерде, андай аймактар жана/же мөөнөтү Купондо жана/же Сайтта көрсөтүлбөсө, аймак, Купондор/Промокоддордун таратуусу уюштурулган шаар жана облусу менен чектелгендей саналат; мөөнөт, коомдук маалымат үчүн жеткиликтүү болгон тийиштүү Купон/Промокод чектелген мезгил болуп саналат. Промокод төмөнкү шаарларда колдонулат: Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Краснодар, Уфа, Сочи, Пермь, Нижний Новгород, Казань, Самара, Омск, Томск, Челябинск, Волгоград, Воронеж, Балашиха, Видное, Дзержинский, Долгопрудный, Климовск, Королёв, Котельники, Красногорск, Лыткарино, Люберцы, Московский, Мытищи, Одинцово, Озёры, Подольск, Пушкино, Раменское, Реутов, Химки, Дмитров, Электросталь, Ростов-на-Дону, Тюмень, Красноярск, Оренбург, Тольятти, Ставрополь, Саратов, Мурманск, Владивосток, Хабаровск, Калининград, Рязань, Владикавказ, Чебоксары, Ереван, Тбилиси, Алматы, Щербинка, Щелково, Зеленоград, Коломна, Дрезна, Талдом, Ивантеевка, Орехово-зуево, Ступино, Луховицы, Серпухов, Дедовск, Клин, Бронницы, Железнодорожный, Троицк, Наро-Фоминск, Лобня, Можайск, Ногинск, Чехов, Обнинск, Нахабино, Дедовск, Голицыно, Краснознаменск, Апрелевка, Домодедово, Жуковский, Электроугли, Старая Купавна, Фрязино. Баа түшүрүүнүн өлчөмү: КБС төлөнүүчү болгон таксопарк тарабынан кызмат көрсөтүүдө КБС эске алуу менен, жөнөкөйлөтүлгөн салык салуу системасын колдонгон таксопарк такси кызматын көрскөндө, КБС эске албоо менен көрсөтүлгөн . Промокод, Купондо же Сайтта башкача айтылбаса, бир Колдонуучу тарабынан бир жолу гана пайдаланууга тийиш. Сапардын акысы жана Баа түшүрүүнүн суммасынын ортосундагы айырма, ошондой эле Баа түшүрүүнүн суммасы да акчалай төлөнбөйт. Баа түшүрүү Промокодду жандандырганда Яндекс.Такси кызматы тарабынан тандоо үчүн сунушталган таксопарктар менен гана ыйгарылат. Промокоддорду кара ниеттүү колдонуудан жана/же Промокоддорду көрсөтүлгөндөн ашыкча колдонууга каршы аракет катарында, Яндекс Колдонуучу чынында эле Яндекс.Такси кызматын колдонуп биринчи жолу сурам жасаганын (биринчи сапар) ырастоо үчүн башка, ушул Эрежелерде көрсөтүлбөгөн ыкмаларды колдонуу жана Промокодду тиешелүү ашыкча колдонууларды жана/же кара ниетте колдонууну ашкере болгон учурларда Баа түшүрүүнү берүүдөн баш тартуу укугун өзүндө калтырат. Промокод Яндекс.Такси мобилдик колдонмону Колдонуучу эң акыркы байкалган нускасы жаңыртпаганы учурда техникалык себептери менен жана/же башка себептери менен жеткиликтүү эмес болушу ыктымал. Промокодду жандандыруу Колдонуучунун ушул шарттар менен толук макулдугун билдирет. Промокоддорду жандандыруу же колдонуу жөнүндө арыздарды карап чыгууда Яндекс.Такси колдоо кызматы суроого укугу бар, ал эми кайрылып жаткан Колдонуучу Промокодду алганын ырастоону: Промокод менен карточканын сүрөтү, Промокодду камтыган беттин экран кесүүсү жана/же колдоо кызматчысынын талабы менен жана/же башка ырастоосун тапшырууга милдеттүү. Эгерде андай ырастоо тапшырылбаган күндө Яндекс.Такси Баа түшүрүүнү бербөө укугун өзүнө калтырат. Промокодду кантип жандандырса болот Промокод жандандырылгандан кийин гана пайдаланылат. Промокодду жандандыруу үчүн, аны буйрутманы тариздөөгө чейин атайын талаага киргизүү керек: