Что такое Яндекс.Такси?

Яндекс.Такси кызматы — диспетчерге чалбастан, расмий таксини тез чакырууга жана картадан буйрутманын аткаруусуна көз салууга мүмкүнчүлүк берген кызмат. Таксиге сайттан же болбосо смартфондор үчүн мобилдик колдонмо аркылуу буйрутма кылса болот. Машинени, орто эсеп менен — 4-5 мүнөт күтүүгө туура келет.

Буйрутмалар өнөк болгон — такси кызматтарына берилет. Алар буйрутмалардын түз аткаруучулары болушат. Ар бир айдоочу Яндекс.Таксиден алдын ала текшерүүдөн эки жолу өтөт: биз анын шаарды канчалык жакшы билгенин, жана ошондой эле анын кардарга ийкемдүүлүгүн, биздин сапат стандарттарыбызга шайкеш келүүсүн текшерибиз.

Яндекс.Такси Москва, Киев, Минск, Ереван, Тбилиси, Алматы жана башка шаарлар боюнча байкалат. Ай сайын биз кызматты жаңы шаарларда ачып, биздин аймакты кеңейтебиз.

Негизги мүмкүнчүлүктөр:

  • диспетчерге чалбастан таксини ыңгайлуу чакыруусу;
  • аралыкка карабастан жагымдуу тарифтер;
  • Москванын кайсы аэропорту болбосун туруктуу сапардын баасы;
  • накталай же карта менен төлөм;
  • жүргүнчүнүн каалоосун (балдардын олпок отургучу, дүмүрчөктү берүү жана б.у.с.) эске алуу менен тез издөө;
  • колдонмо айдоочу жана анын унаасы тууралуу толук маалыматты берет;
  • айдоочунун жүргөнү картадан көрсөтүлөт.

Шаарыңыздын тарифтери менен таанышып, бул жерден жүктөп алса болот.

Яндекс.Такси колдонмосун жүктөп алыңыз.

Эгерде сизде колдонмонун иши же буйрутмаңызды аткарган такси кызматы тууралуу айта турган ойлоруңуз болсо, бизге жазсаңыз болот.